14-ноябрда Ирактын Фаллужа шаарындагы кош жардыруудан сегиз киши өлүп, жыйырмага жакын адам жаракат алды.
Маалыматка караганда, жанкечтилер түшкөн эки автоунаа шаардын борбор тарабындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарына жакын жардырылган.
“Ислам мамлекети” террордук тобу 2014-15-жылдары өлкөдөгү Анбар провинциясынын көп бөлүгүн басып алган. Акыркы убакта Ирак өкмөтү андагы айрым аймактарды, анын ичинде июнь айында Фаллужаны бошотуп алган.
Ушу тапта өкмөттүк күчтөр сунниттер жана күрттөрдүн пешмерга тобу менен ИМ тобу көзөмөлдөгөн Мосул шаарын бошотуу операциясын жүргүзүүдө.