Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

Трамп менен Путин телефондо сүйлөштү


АКШга жаңы президент болуп шайланган Дональд Трамп менен Орусия мамлекет башчысы Владимир Путин телефондо сүйлөшүп, эки тараптуу мамилени талкуулашты. Трамптын өкүлү тараткан билдирүүдө айтылгандай, Путин аны шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган. Трамп Москва менен “бекем жана көп жылдуу ымаланы чыдамсыздыкта күтүп жатканын” билдирген.

Тараптар эки өлкө ортосундагы экономикалык катышты жана акыркы 200 жылда орун алган тарыхый мамилени талкуулашканы кабарда айтылат.

Кремлдин басма сөз кызматы лидерлер ички иштерге аралашпай, өз ара түшүнүү менен кызматташуу жаатында да сүйлөшкөнүн маалымдады.

АКШ менен Орусиянын мамилеси 2014-жылы Украинада москвачыл күчтөр менен өкмөттүн тиреши башталып, Крым аннексиялап алынгандан бери кескин начарлап кеткен. Вашингтон Москванын Сирия президенти Башар Асадга колдоо көрсөтүшүн да жактырбайт. (SE)

XS
SM
MD
LG