Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

Өзбекстандан немис журналисти депортацияланды


Өзбекстандын тартип сакчылары шайлоо участкасынын жанында.
Өзбекстандын тартип сакчылары шайлоо участкасынын жанында.

Ташкентте 10-ноябрда кармалган немис журналисти Эдда Шлагер 11-ноябрда мамлекеттен чыгарылды. Бул тууралуу Аsiaterra басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, ушул тапта Казакстанда жашап жаткан журналист Шлагер Ташкентке 4-декабрга белгиленген шайлоону чагылдыруу жана Ислам Каримовдон кийин Өзбекстандагы жашоо, немис коомчулугу менен таанышуу максатында келген.

Эдда Шлагер Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинен аккредитация ала албай, 3-ноябрда туристтик виза менен кирүүгө мажбур болгонун, коомчулук менен жолукканын билдирген.

Аны 10-ноябрда мейманканада милиция жана Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кармап, суракка алышкан. “Чек арасыз кабарчылар” жана Германия Тышкы иштер министрлигинин аралашуусу менен журналист депортацияланган.

Эдда Шлагер Өзбекстандан айдалган жалгыз журналист эмес. 2005-жылы эл аралык журналист Игорь Ротарь, 2012-жылы BBС кабарчысы Наталья Антелава, орус журналисти Виктория Ивлева, 2014-жылы москвалык фотосүрөтчү Константин Саломатин чыгарып жиберилген. (SE)

XS
SM
MD
LG