Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Таласта бажы кызматкерлерин прокуратура текшерип жатат


Талас шаары.
Талас шаары.

Таласта бажы кызматкерлерин прокуратура текшерип жатат. Облус прокурорунун орунбасары Мамбеталы Турдумаматов билдиргендей, териштирүү иштери 30га чукул төөбуурчак экспорттоочулардын арызынын негизинде жүрүүдө.

Маалыматка ылайык, ноябрь айынын башынан бери Бажы кызматынын жумушун жеке ишкана жүргүзүүдө. Бул ишкерлерге ыңгайсыздык жаратып, документ толтуруу үчүн Талас шаарынан 100 км алыстагы Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан DALS жеке компаниясына каттап калышканын билдиришкен. Мындан улам, кайсыл токтом же мыйзамдын негизинде Бажы кызматынын иши жеке ишканада жүрүп жатканын териштирүүнү суранышкан.

Бул боюнча Бажы кызматы азырынча комментарий бере элек.

Эрежеге ылайык, экспорттоочулар ар бир унаага 300 сом бажы төлөйт.

Таласта жылына 100 миң тоннага чейин төөбуурчак 30дан
ашуун өлкөгө экспорттолот. (SS)

XS
SM
MD
LG