Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

АКШ крымдык депутаттарга санкция жарыялады


Украина, Крымдагы шайлоо.
Украина, Крымдагы шайлоо.

АКШ расмийлери Орусия парламентине Крымдан шайланган алты депутатка каршы санкция киргизди. Дмитрий Белик, Андрей Козенко, Константин Бахарев, Светлана Савченко, Руслан Балбек жана Павел Шперов 2014-жылы Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралынан депутат болуп 18-сентябрда шайланышкан.

Мурдараак бул алты киши Европа биримдигинин "кара тизмесине" кирген болчу.

АКШ Каржы министрлиги Крымдагы шайлоону мыйзамсыз деп атаган. Вашингтон өкүлдөрү санкцияга илингендери Украинанын бүтүндүгүнө бүлүк салуучу саясатка шерик деп эсептейт. Аталган министрлик санкциялар уланарын белгиледи. (SE)

XS
SM
MD
LG