Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:02

Кыргыз жарандары Орусияда 30 күн каттоосуз жүрө алат


Жогорку Кенештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстан менен Орусия мигранттарына ыӊгайлуу шарт түзүүгө багытталган мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзамга ылайык, мигранттар эки өлкө аймагында 30 күнгө чейин катоосуз жүрө алат.

Азыр кыргызстандыктардын Орусияда каттоосуз жүрүү мөөнөтү 7 күн болсо, келишим ратификацияланса 30 күнгө чейин узартылат. Ал эми орус жарандарынын Кыргызстанда каттоосуз жүрүү мөөнөтү 90 күндөн 30 күнгө кыскартылууда.

Мамлекеттик каттоо кызматы учурдагы мыйзамга ылайык Орусиянын жарандары Кыргызстанда бир жуманын ичинде катталышы керектигин айтууда. Бул эрежени сактабаган чет элдик жарандарга 10 миӊ сомго чейин айып салынат. (SDz)

XS
SM
MD
LG