Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Чет өлкөлүктөрдү каттоону 30 күнгө узартуу сунушталды


Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстандагы чет өлкөлүктөрдү 5 күндүн аралыгында милдеттүү каттоого туруусун 30 күнгө узартууну сунуштоодо. Тийиштүү сунуш өкмөткө жөнөтүлгөнүн “Азаттыкка” Каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

- “Тышкы миграция” жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден бери беш жумушчу күндүн ичинде чет элдиктер Кыргызстанда каттоодон өтүшү керек деген норма камтылган. Буга чейин 67 мамлекеттин жарандары 60 күн каттоосуз жүрө алчу. Азыр биз 60 күн деген норманы 30 күнгө кыскартып бергиле деп, атайын токтом долбоорун өкмөткө жөнөттүк.

“Тышкы миграция” жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр 4-ноябрда күчүнө кирген. Бул мыйзамдын аркасы менен чет өлкөлүктөр арасында нааразылыктар күчөп, айып пул төлөгөндөрдүн саны арбыганы айтылган эле. (SDz)

XS
SM
MD
LG