Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Ысык-Көл ТВга жаңы жетекчи дайындалды


Чолпон Шаикова Ысык-Көл облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын директору болуп дайындалды.

Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Жаңы жетекчини жамаатка бүгүн, 15-ноябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу маалымат жана коммуникация департаментинин директору Бактыгүл Ноорузбаева тааныштырды.

Коомчулук менен байланыш боюнча эксперт Чолпон Шаикова 2016-жылы Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарын уюштуруу боюнча катчылыкта эмгектенген.

Ысык-Көл облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын мурунку жетекчиси Калыбек Тайтикеев буга чейин кызматтан өз каалоосу менен кеткен. (AsM)

XS
SM
MD
LG