Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:17

Назарбаевдин сүрөтү сувенирдик банкнотко түшүрүлдү


10 миң теңгелик банкнот.
10 миң теңгелик банкнот.

Казакстандын Улуттук банкы президент Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн жаңы сувенирдик банкнот чыгарды. 10 миң теңгелик бул банкнот Казакстандын төбөлсүздүгүнүн 25 жылдыгына арналды.

Улуттук банктын төрагасы Данияр Акишев көз карандысыз Казакстандын тарыхы түздөн-түз мамлекет башчысына байланыштуу деп айтып, юбилейлик банкнот президенттин салымын күбөлөрүн ырастады.

Мындан 23 жыл мурда Казакстан улуттук валютасы – теңгени жүгүртүүгө чыгарган. Өткөн жылдын август айында бийлик теңгени эркин коё берген. Натыйжада казак валютасынын долларга карата куну төмөндөп, азыр бир доллар 345 теңгени түзөт.

XS
SM
MD
LG