Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Сербияда полиция менен мигранттар кагылышты


Сербия менен Хорватиянын чегине чогулган мигранттар.
Сербия менен Хорватиянын чегине чогулган мигранттар.

Сербиянын Сид шаарына жакын жерде Хорватиянын аймагына өтүүгө аракет кылган мигранттардын, качкындардын полиция менен кагылышуусу болуп кетти.

Жүздөй адам миграция саясатына каршылык иретинде Сербиянын баш калаасы Белграддан жөө жүрүшкө чыгышкан. Алар ондогон чакырымды жөө басып, чек арага келишкен. Чогулгандардын көбү Батыш Европага өтүүнү көздөгөн Ооганстан менен Пакистан жарандары.

Венгрия менен Хорватия чек араны жаап салгандан бери 6 миңден ашык качкын-мигранттар Сербиядан чыга албай турушат. Октябрь айында дагы бир качкындардын тобу Венгриянын чек арасына чейин жөө келишкен. Бирок бийлик аларды кайра Белградга кайтарган эле.

XS
SM
MD
LG