Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Курттаган ун боюнча комиссия тыянагы чыкты


Курттаган ун.
Курттаган ун.

Мекемелер аралык комиссия Мамлекеттик материалдык резервдер фонду колдонгон унду пайдаланууга болбойт деп тапты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Комиссия өз корутундусунда буга чейин социалдык мекемелерге таратылган ундар малга тоют катары өткөрүп берилиши керектигин же тийиштүү тартипте жокко чыгаруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Мамлекеттик материалдык резеврдер фондунун №1 борбордук базасында желдетүүчү жабдыктарды орнотуп, кампанын нымдуулугун жана температурасын каттап турган журнал киргизүү керектигин сунуштады. Мындан тышкары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бул ишке укуктук баа бериши керек.

Азыркы тапта комиссиянын жыйынтыгы Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө департаменти жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан иликтенүүдө.

Буга чейин айрым депутаттар Материалдык резервдер фонду курттаган унду социалдык мекемелерге таратып берип жатканын айыптап, атайын комиссия түзүүнү сунуштаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG