Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

АКШда өзүн "өлдү" деп документ даярдаган киши Ошто изделүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

АКШдан миллион доллар камсыздандыруу акча алуу максатында өзүн "өлдүм" деп жарыялаган адам изделүүдө. Анын “көз жумганы” тууралуу тастыктама берген Оштогу ооруканада иштеген дарыгер кылмыш жоопкерчилигине тартылып, ири өлчөмдө айыппул салынды.

Ички иштер министрлиги тараткан кабарга ылайык, өзбекстандын 31 жаштагы тургуну болжол менен 2000-жылы Green Card аркылуу АКШга барган. Ал жакта өзүн миллион долларга камсыздандырган. Андан кийин кыргызстандык дарыгерден “өлгөнүн” тастыктаган документ алган. Алтургай жасалма кабыр жасатып, Оштун Кара-Суу районундагы мүрзөлөрдүн бирине эстелик таш да койдурган.

Иликтөөнү Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймактык башкармалыгы жүргүзүп жатат. Бул боюнча АКШ консулдугуна да маалымат берилген.

АКШда өзүн камсыздандырган кишилер үчүн ири өлчөмдө акча төлөп берилет. (SE)

XS
SM
MD
LG