Орусия президенти Владимир Путиндин Жапонияга сапары алдында Москва менен Токио экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө киришти. Жапон тышкы иштер министри Фумио Кисида менен орус өкмөт өкүлү Игорь Шувалов биргелешкен маалымат жыйын куруп, 10дон ашуун документ иштелип чыкканын маалымдашты. Аларда “бажы көзөмөлү, медицина жана жарандардын ары-бери каттоосу” боюнча маселелер каралган.
15-декабрда Путин Жапонияга сапар кылат. Анда биртоп документтерге кол коюлушу пландалууда.