Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Иракта жоочу желдеттин бири 10 жаштагы бала экени аныкталды


Иракта согушкерлердин колуна түшкөн туткундарды атып өлтүргөн желдеттердин бири 10 жаштагы бала экени аныкталды. Анын адам өмүрүн кыйып жатканы тартылган тасма 9-ноябрда интернетке чыккан. “Ислам мамлекети” радикал тобуна таандык экени айтылган 14 мүнөттүк тасмада баланын аты-жөнү Абубакр-узбеки деп жазылган.

Бала орус тилинде өзбекче акцент менен сүйлөгөнү жана ысымындагы каймана аттан улам өзбек тектүү жеткинчек экени айтылууда.

Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары башкармалыгынын басма сөз катчысы Равин Шамдасандын айтуусунда, видеодо төрт желдет төрт туткунду атып салганын көрүүгө болот.

Видеодогу балакай колуна курал кармап, Орусия бийлигине акаарат айтып, президент Владимир Путинди да опузалаган.

Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү аталган тасма “Ислам мамлекети” тобуна таандык экенин билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG