Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:16

Украинадагы нааразылыктардан улам полиция күчөтүлгөн тартипке өттү


Украинадагы нааразылык, 15-ноябрь, 2016-жыл.
Украинадагы нааразылык, 15-ноябрь, 2016-жыл.

Украина өкмөтү нааразылык акциялардан улам Киевдин борбордук бөлүгүн курчоого мажбур болду. Жүздөгөн полиция кызматкерлери өкмөт кеңселери жайгашкан аймакты коргоп турушат.

15-ноябрда митингге чыккандар нан, газ жана башка күндөлүк керектөөлөрдүн кымбатташына нааразылык билдиришти. Алар коммуналдык кызмат акысын арзандатууну, пенсияны жана башка төлөмдөрдү жогорулатууну талап кылышты.

Киев өкмөтү бул демонстрацияны Кремль уюштурганын айтып, Украинадагы абалды татаалдаштыруу максатын көздөгөн кутум деп белгиледи.

Акцияга чыккандардын катарында мурдагы президент Виктор Януковичтин колдоочулары жана оппозициядагы “Баткивщина” партиясынын лидери Юлия Тимошенко да бар.

Президент Петро Порошенко бул митинг Юлия Тимошенконун саясий дымагынан улам уюштурулганын айтууда. (SE)

XS
SM
MD
LG