Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Текебаев менен президенттин өкүлү кайым айтышты


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев “Белизгейт” боюнча парламентте депутаттык комиссия түзбөстөн, бул ишти 26-октябрда түзүлгөн депутаттык комиссиянын алкагында кароо сунушун берди. Ал буга чейин түзүлгөн депутаттык комиссия Бакиевдин улутташтырылган мүлктөрү анын ичинде “Мегаком” боюнча маселени дагы карап жатканын айтып, мазмуну бир экендигине токтолду.

Абдылдаев Текебаевге кайрылып:“Кыргызда ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат деген сөз бар. Сиз ушул жерден каргангандан көрө прокуратурага барып укугуңузду коргобойт белеңиз", - деген суроону узатты.

Өз кезегинде бул сөздөргө Текебаев: “Мал ээсин тартпаса арам өлөт” деген сөз бар. Мен карганган жокмун, мен далилдүү айыптадым. Каргана турган силерсиңер, сотко тергөө бере турган, түрмөгө отура турган силерсиңер, - деди.

Текебаев ошондой эле президенттин өкүлүнө: “Сен мени менен акыйлаша турган кимсиң, сенин жетекчиңе окшогондон бешти көрүп, экөө качып жүрөт”, - деп ачууланды.

Бүгүн Жогорку Кеңеште “Белизгейт” боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталып, парламентке УКМК төрагасын жана Башкы прокурорду чакыруу сунушталууда.

XS
SM
MD
LG