Мындай чечимди бүгүн көпчүлүк парламент депутаттары колдоду. Эл өкүлдөрү Белиз өлкөсүнөн келген документтер боюнча УКМК төрагасы өзү келип маалымат беришин туура көрүштү.
“Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов жыйынга УКМК төрагасынан тышкары Башкы прокурорду дагы чакырууну сунуштады.
Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Белизгейтти” бүгүнкү жыйында кароонун зарылчылыгы жок экенин айтып, бул маселени 26-октябрда түзүлгөн депутаттык комиссия караса болорун белгиледи.
Маселе добушка коюлуп, тиешелүү жетекчилердин “Белизгейт” тууралуу маалыматын угууга 88 депутат “макул” деп добуш берди.
14-ноябрда УКМК Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов 2012-жылы “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгын Белиз өлкөсүнөн келген документтер аркылуу көрсөткөн. Ошол эле күнү бул ишти Башкы прокуратура иликтөөгө алган. Текебаев УКМК жалган документтерди көрсөтүп жатканын ырастоодо. (SDz)