Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Бабанов: саясий көз карашы башкаларды дагы сыйлайлы


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

Кыргызстан демократия жолунан кетпестен, чынды – чын деп айтуу зарыл. Биздин саясий оппонентибиз көз карашы туура келбесе да, ал тарапта чындык болсо биз ага турушубуз керек.

Бул тууралуу “Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов билдирди. Ал бүгүнкү “Белизгейт” бир кездеги “матрёшкагейтке” окшошуп жатканын кошумчалап өттү.

- 2005-жылы бир мандаттуу округдан депутат болуп келгенде “матрёшкагейтке” күбө болгом. Бүгүн болсо бир партиянын лидерине чоң күнөө коюлуп жатат. Мен азыр кайсы тарапта чындык бар экенин билбейм. Ошондуктан депутаттык комиссия түзүү демилгесин мен дагы колдойм.

УКМКнын Белиз өлкөсүнүн алып келген документтери боюнча депутаттар бүгүн УКМК төрагасы жана Башкы прокуратурадан маалымат алышмакчы. Маселени парламент түшкү танапистен кийин кароосу күтүлүп жатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG