Жалал-Абад шаарындагы көчөлөргө "Ата Журт" партиясы тарабынан илинген “Биз мародёр эмеспиз, биз жаратманбыз” деген үгүт жарнагы боюнча партиянын лидери Камчыбек Ташиев түшүндүрмө берди.
- Мародёр деген сөз 2010-жылдан бери айтылып келе жатат. Быйыл президент бул сөздү кээ бир саясатчыларга карата ачык эле айтты. Ошол себептүү президент айткан мародёрлор биздин партияда жок деген таризде ушул чакырыкты пайдаландык. Учурда көптөгөн партия лидерлери мародёрчулукка шектелип жатат. Карапайым жарандар 4 сотук жерге ээ боло албай жатса, президент 2,5 гектар жерди ээлеп үй салганы туура эмес көрүнүш. Эл башындагы адам баарына үлгү болушу үчүн мындай кадамга барбаш керек болчу, - деди Ташиев.
Быйылкы жергиликтүү шайлоого "Ата Журт" партиясы "Республика - Ата Журттан" бөлүнүп өз алдынча барууда. Партиянын жогорудагы үгүт жарнактары шаардыктар арасында түрдүү пикирлерди жаратып, талкууга алынууда. (RsK)