2010-жылкы апрель революциясынан кийин Бакиевдин мүлктөрү улутташтырылып жаткан учурда Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясы узартылган. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев билдирди. Ал учурда УКМК бул ишти активдүү кароого киришкенин айтып, алдын ала маалыматтар боюнча лицензия ошондогу юстиция министри тарабынан узартылганын кошумчалады.
- Ошол маалда элдин баары кан жутуп отурганда Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартып, улутташтырылган мүлктөрдү талашкан. Чек арадан түшкөн маалымат боюнча Елисеев 2010-жылдын апрель айынан кийин өлкөдөн чыгып, кайра кирген эмес. Демек, бизде Елисеев үчүн арызды ким жазды деген суроо туулат? Учурда Юстиция министрлигинде бул документтердин бардыгы жоголгон экен, бирок убакыт менен буга да жооп табабыз.
Алексей Елисеев мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин жакын санаалашы болуп келген. Ага 2010-жылдын май айында издөө салынган. (SDz)