Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

БШК: “Ата Журт” партиясынын үгүт-жарнактары шаарга уруксатсыз илинген


"Ата Журт" партиясынын жарнагы.
"Ата Журт" партиясынын жарнагы.

Жалал-Абад шаарында шайлоого катышып жаткан “Ата Журт” саясий партиясынын көрнөк-жанактары калаа ичинде уруксатсыз илинген. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынан “Азаттык” радиосуна билдиришти.

“Биз мародёр эмеспиз” деген сыяктуу чакырыктары бар үгүт жарнактары 10дон ашык жерге илинген. Бирок мыйзам боюнча жарнак материалдар алдын ала аймактык шайлоо комиссиясынан катталып, алар уруксат берген соң гана жарыялоого болот. Бул талапты аткарбаган партия өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүрүп, аларга эскертүү берилет, деп айтылат билдирүүдө.

Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоого 7 саясий партия ат салышууда. Алардын ичинен төрт партия гана жарнактарын каттаткан. (RsK)

XS
SM
MD
LG