Ооганстандын борбору Кабулда жанкечти өкмөттүк унаанын жанында өзүн жардырып, андан төрт адам мүрт кетип, дагы 11 киши жаракат алды. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдиргендей, жанкечти Коргоо министрлигинин имаратына жакын жерде акмалап жүргөн. Ал коопсуздук кызматтарына таандык автобусту бутага алган.
“Чоң жарылуу болду. Кандай жардыруу болгонун билген жокпуз. Бирок добушу өтө катуу чыкты. Андан кийин дароо тез жардам келип, полиция аймакты курчоого алды”,-жергиликтүү тургун Жаханзев Хан.
Азырынча бул окуя үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок соңку кезде талиптердин ооган коопсуздук күчтөрүнө карата чабуулдары күчөгөн.