Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Киевде гривнанын курсу боюнча нааразылык өттү


Нааразылык акциясы
Нааразылык акциясы

Киевде ондогон адамдар Украинанын Борбордук банкынын алдына акцияга чыгышты.

Алар улуттук валюта гривнанын кунун жоготушуна жана инфляциянын жогорулашына нааразылык билдиришүүдө. Чогулгандар пенсияларды көтөрүүгө жана салыктарды азайтууга чакырып, айрымдары борбордук банктын төрагасы Валерий Гонтаревдин кызматтан кетишин талап кылышты.

“Бул акцияны колдойм. Аманатчыларга акча берилиши керек. Мен 60 жаштагы пенсионермин. Башка жерден акча таба албайм. Бул менин жалгыз капиталым болчу”,-деди Киевдин тургуну Галина Перцева.

Бийлик Киевдин борборуна металл издөөчү жабдыкты орнотуп, аймакка беш миңдей полиция кызматкери жөнөтүлдү. Бул чара акциянын коопсуздугун камсыздоо жана кагылыштарды алдын алуу үчүн көрүлдү. Украинанын коопсуздук кызматы бул акцияны өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутууну калаган "Орусияны планы" деп мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG