Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Төрөбай Зулпукаров спикерди зекиди


Төрөбай Зулпукаров
Төрөбай Зулпукаров

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров парламент спикери Чыныбай Турсунбековду зекип, "өз ордун билип жүрүүгө" чакырды.

Бүгүнкү жыйында Зулпукаров регламент эрежесин сактоо боюнча спикерге сунуш киргизди. Турсунбеков регламент талаптарын жакшы билерин, аны депутаттар өздөрү да бузуп жатканын билдирди жана Зулпукаров өзүнө бөлүнгөн сүйлөө убактысын пайдаланганын, кайра-кайра сүйлөөгө акысы жоктугун айтты. Буга жинденген Зулпукаров эл өкүлдөрүнүн сөздөрүнө комментарий берүүгө төраганын акысы жоктугун белгиледи:

- Регламент талаптарын айтканымды акыл үйрөтүү катары кабыл алып жатасыз. Мен сизге жеңил болсун дедим. Сизди сыйлап койсо, көөп кетпеңиз. Микрофонду өчүрүп-жандырып отуруп өзүңүздү хан сезип калдыңызбы? Талкуу учурунда депутаттын мыйзамдуу сүйлөө убактысын бербей жатканыңыз – мыйзам бузуу. Регламентти үч ирет бузсаңыз, жыйындын алып баруучусун алмаштырып коюуга биздин укугубуз бар.

Бүгүн парламентте “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарына байланыштуу “Белиз документтери” талкууланды. (SE)

Төрөбай Зулпукаров спикерди зекиди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00

XS
SM
MD
LG