Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Оштогу диний окуу жайлар текшерилет


Оштогу Сулайман-Тоо мечити.
Оштогу Сулайман-Тоо мечити.

Ош облусундагы диний окуу жайлар текшерилип, Муфтият жана Аалымдар кеңеши бекитип берген программанын сакталышы көзөмөлгө алынат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, облус казысы Самидин Атабаев менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Бөрүмухаммед Эсенов шейшембиде окуу жайлардын, медреселердин жетекчилерине жыйын өткөрдү.

Облус казысы Самидин Атабаев билим берүү мекемелеринде салттуу диний сабактарга өзгөчө көңүл буруу, тазалыкты сактоо жана мүдүрлөрдүн бирдиктүү формасын кабыл алуу зарылдыгын белгиледи. Жогорудагы маселелер боюнча окуу жайлардын ишмердигине изилдөө жүргүзүлүп, тиешелүү баа берилмекчи.

Ош облусунда эки диний жогору окуу жай, 14 медресе бар. (SE)

XS
SM
MD
LG