Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 17-ноябрда Өзбекстанга сапар жасайт. Hurriyet басылмасы билдиргендей, Эрдоган алгач Пакистанга, андан ары Өзбекстанга барууну пландаган. Ал Ташкентте президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, эки тараптуу мамилени талкуулайт. Түркия президенти Самарканд шаарына зыярат кылат.