Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Шиит козголоңчулары Мосулга жакын районду ээлегенин маалымдашты


Ирак.
Ирак.

Иран колдоп келаткан шиит козголоңчулары Ирактын Мосул шаарына жакын жайгашкан аскердик-аба база “Ислам мамлекети” радикал тобунун жоочуларынан бошотулганын жарыялашты.

Тал Афар районундагы бул база коңшу Сириядан келчү жоочуларга көпүрө болуп турган. Эгер анын бошотулганы тууралуу маалымат тастыкталса, бул Иракта согушкерлерге каршы жүрүп жаткан күрөштүн маанилүү кадамы болуп саналат.

Тал Афар району Мосулдан 60 км алыста, Сирияга бараткан чоң жолдун боюнча жайгашкан.

Ирактын өкмөттүк күчтөрү суннит кошуундары менен бирге шаарга жакындап келүүдө. Ал эми атайын бөлүктүн аскерлери Мосул шаарынын айрым бөлүктөрүн жоочулардан бошотуу аракетинде.

XS
SM
MD
LG