“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев фракциялашы Мирлан Бакировду мыйзамсыз комитет башчысынан алып жатканын жалпы жыйында айтып чыкты. Ал учурда депутат Бакиров жумушчу сапарда жүргөнүн маалымдап, комитет төрагасынан алуу маселеси депутаттын өзү арыз жазган күндөн 72 саат өткөндөн кийин гана караларын кошумчалады.
- Депутатты сыйлабай алмаштырууга барып жатасыңар. Өзү келсин, ошондон кийин деле комитет төрагаларын чогуу шайлайбыз. Ошол үчүн бардык иштерди мыйзам чегинде жүргүзөлү.
Бакыт Төрөбаевдин бул сөзүнө жооп кылып депутат Асел Кодуранова эл өкүлү Бакировдон жума башында эле комитет башчылыгынан кетүү тууралуу арыз жазылганын айтты. Ал ошондой эле бүгүн түштөн кийин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитет башчысына талапкерлерди кароо маселесин карай турганын кошумчалады.
Буга чейин Аскарбек Шадиев жана Садык Шер-Нияз жетектеп жаткан комитет башчылыгынан кетип жатканын айтып, бул кырдаалды коалициянын жаңы курамы менен түшүндүргөн. (SDz)