Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:16

200 сом төлөбөй таксистти өлтүргөн шектүү кармалды


17-ноябрда түнкү саат 1:30дар чамасында патрулдук милиция Бишкектеги Гагарин-Алыкулов көчөсүнүн кесилишинде Honda Fit автоунаасын токтоткон. Айдоочу кийими канга боёлуп, эч кандай документи жок экенин айткан.

Бишкек ШИИБнын маалымат катчысы Таалай Бугубаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, айдоочу досу менен мушташып кеткенин айтып, жагдайды түшүндүргөн.

- Биздин кызматкерлер айдоочунун кийимин көрүп, мушташкан кишиге да жардам керектигин айтышып, окуя болгон жерге алып баруусун өтүнгөн. Бирок айдоочу милиция менен шаарды кыдырып, таппай койгонун айтып, натыйжада окуянын чын-төгүнүн айтып берүүгө аргасыз болгон. Жыйынтык көрсөткөндөй, айдоочу таксистке 200 сом төлөй албай, бурагыч менен көкүрөккө сайып өлтүргөн. Андан соң сөөктү “Дордой” аймагындагы мүрзөлөрдүн жанына ыргытып жиберген.

Милиция аныктагандай, кайтыш болгон айдоочу 1992-жылы туулган, ал эми кол салган адам 1997-жылкы экендиги аныкталды. Учурда шектүү адам кармалып, көрсөтмө берүүдө.(SDz)

XS
SM
MD
LG