Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт, айрым жерлерде борошо жүрөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү чогулат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8, күндүз -4...+1 градус.
Талас жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз -1...+6,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн --1...+4, күндүз +5...+10 градус болот.
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+7, күндүз 0...+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -2...-9, күндүз 0...+5 градус жылуу болот.
18-ноябрда Бишкек шаарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5...-7°, күндүз -2...-4 ° суук болот.