Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:02

Тажикстан сырттан миллиард долларга жакын карыз алууну көздөөдө


Тажикстан "Рогун" ГЭСин өз күчү менен курууда.
Тажикстан "Рогун" ГЭСин өз күчү менен курууда.

Тажик парламенти 2017-2019-жылдары сырттан карыз алуу боюнча Программа кабыл алды. Ага ылайык, үч жылде өлкө 916 млн доллар карыз алышы керек.

Тажикстан каржы министри Абдусалом Курбониёндун айтуусунда, ал каражаттар айыл чарба, билим берүү, саламаттык сактоо, энергетика, коммуникация, турак-жай чарбасы, мамлекеттик башкаруу тармагына жумшалат.

Карыз 0,5-2% менен 20-40 жылдык мөөнөткө алынат.

- Каражаттардын 35%ы грант же кайтарымсыз кредиттер. Негизги кредиторлор Дүйнөлүк банк, Азия өнүгүү банкы, Ислам банкы, Европа реконструкция жана өнүгүү банкы, Саудиялык өнүгүү фонду жана Кытай банктары, - деди министр.

Ушу тапта Тажикстандын тышкы карызы 2 млрд. 276 млн доллар.

XS
SM
MD
LG