Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Саакашвили: Порошенко жарандыгыман ажыратууну көздөөдө


Михаил Саакашвили.
Михаил Саакашвили.

Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили “анык маалымат булагына” таянып, президент Петро Порошенко аны жарандыктан ажыратканы жатканын айтып чыкты.

Саакашвили бул үчүн Жогорку Рада депутаттары Игорь Кононенко менен Александр Грановскийге тапшырма берилгенин билдирди.

- Эл аралык укук жана украин мыйзамдары башка өлкөнүн атуулу болбогон адамды Украина жарандыгынан ажыратууга тыюу салат, - деп билдирди Саакашвили.

Михаил Саакашвили Одесса губернаторлугуна 2015-жылдын мартында келген. Мунун алдында Порошенко ага украин атуулдугун берген. Ушундан соң ал грузин жарандыгынан ажыратылган.

Быйыл ноябрда Саакашвили украин бийлигин коррупция, реформалардын кечеңдеши боюнча айыптап, губернаторлук кызматынан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG