Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Токмок мэри жылуулук маселеси чечилгенин билдирди


Токмок шаарынын мэри Жыргалбек Шамыралиев калаадагы социалдык мекемелерге жана үйлөргө кайра жылуулук бериле баштаганын “Азаттык” радиосуна билдирди. Ошол эле учурда калаа бийлигиндеги айрым кызматкерлер маселе толук чечилбегенин, жылуулук толук калыбына келе электигин кабалашууда.

Мурдараак суукка байланыштуу үч мектеп, аймактык оорукана, төрөт үйү, бир бала бакча жана үй-бүлөлүк медицина борбору убактылуу иштебей турганы маалымдалган. Аскер шаарчасындагы үйлөргө да жылуулук берилбей калганы айтылган.

Маалыматка караганда, шаарды жылуулук менен камсыздаган ишкананын газга карызы көбөйүп кеткендиктен "Газпром-Кыргызстан" аны көгүлтүр оттон үзүп койгон.

Мэр Жыргалбек Шамыралиев билдиргендей, “Жылуулук” ишканасынын өткөн жылдан бери топтолуп калган карызы 40 миллион сомго барабар. Бул маселеде “Газпром-Кыргызстан” ишканасы менен сүйлөшүүлөр жүрүп, аз-аздан төлөнүүдө.

Кыргызстанда бүгүн аба ырайы сууп, көпчүлүк аймактарга кар жаады. (SE)

XS
SM
MD
LG