Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Песков: Путин менен Трамптын жолугушуусу белгиленген эмес


Орусия президенти Владимир Путин менен АКШ президенттигине шайланган Дональд Трамп жума башындагы телефон сүйлөшүүсүндө ыктымал жолугушууну талкуулашкан. Бирок, ал качан, кайда болору али белгисиз экенин Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

17-ноябрда Песков Трамп 20-январда ант бергенден кийин Москвага келери тууралуу маалымат каражаттарына чыккан кабар "жалган" деди.

Мурдараак “Известия” гезити АКШдагы Республикачылар партиясындагы “жогорку даражалуу” маалымат булагына таянып, өлкө лидерлери Москвада саммит өткөрүүнү макулдашканын жазган.

АКШ президенти Барак Обама менен Орусиянын ошондогу президенти Дмитрий Медведев 2010-жылы Прагада жана Вашингтондо жогорку деңгээлде жолугушуу өткөрүшкөн.

Ал эми 2013-жылы Москвада белгиленген Обама-Путин башындагы саммит болбой калган. Ага АКШ чалгын мекемесинин мурдагы кызматкери, мекенинде купуя документтерди жарыялап жибергендиги үчүн айыпталган Эдвард Сноуденге Орусия башпаанек бергени негиз болгон.

XS
SM
MD
LG