Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:27

Башкы прокуратура Замирбек Айдаровдун ишин УКМКга кайтарды


Замирбек Айдаров
Замирбек Айдаров

Мурдагы Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаровдун ишин Башкы прокуратура УКМКнын антикорруциялык кызматына кайтарып берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Алмамбет Абдраманов билдирди.

- Замир Айдаровдун Бишкек-Кара-Балта автоунаа жолунун реконструциялоо боюнча тендерине катыштыгы бар тууралуу бизге келген маалымат, толук изилденбеген болуп чыкты. Документте кандайдыр бир чечим кабыл алган же көрсөтмө берген учурлар толук иликтенбегендиктен УКМКга кайра иш кайтарылып берилди.

Буга чейин парламенттеги Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы комитетинде депутаттар мурдагы министр Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо үчүн тендер өткөрүүдө өз кызмат абалынан ашыкча пайдаланганы боюнча маалыматты текшерүүнү талап кылышкан.

Анын негизинде Коррупцияга каршы кызмат текшерүү жүргүзүп, мурдагы министрдин мыйзамсыз иштери болгонун аныктап, ишти Башкы прокуратурага өткөргөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG