Снукер боюнча Кыргызстан курамасынын оюнчулары Мухамед Каримберди уулу жана Шайырбек Маматокторов Дүйнөлүк чемпионатка кечигип барат. Бул тууралуу “Азаттыкка” снукер федерациясынын башкы катчысы Шайырбек Маматокторов билдирди. Алар бүгүн Катарга жөнөп кетерде учактын бузулушунан каттам эртеңкиге калганын “Fly Dubay” компаниясынан билдиришкен.
- Биз учакка отурганбыз, жакшы эле күүлөнүүчү сызыкка чыкканбыз. Бирок кайра учпастан “Манас” аба майданына кайрылып келдик. Биздин оюн эртең башталмак, бүгүн барып катталып, ачылышы болушу керек эле. Эртең кечиккендиктен бизге техникалык жеңилүү ызасын берип коюшу мүмкүн болуп турат.
19-ноябрда Катардын борбору Доха шаарында быйыл 42-снукер сүйүүчүлөр арасында дүйнөлүк чемпионат өтөт. Ага дүйнөнүн 55 өлкөсүнөн 129 снукерчи катышуу ниетин билдирген.