Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 03:12

ЮНЕСКОго Нооруз, тандыр наны, палоону каттоо сунушталды


Палоо

28-ноябрдан баштап Эфиопия мамлекетинде ЮНЕСКОнун кезектеги жыйыны өтүп, тарыхый, маданий баалуулуктарды коргоого алуу боюнча маселелер талкууланат. Бул жолкусун 43 элемент коргоого алуу үчүн тизмеге кирип, алардын арасында Борбор Азия, түрк жана перс өлкөлөрүнүн сунушу менен Нооруз майрамы кошулду.

Мындан тышкары Кыргызстан менен катар бир катар түрк өлкөлөрү тандыр наны, калама, каттама, жупканы коргоого алууну сунуштоодо.

Ошондой эле Казакстан казак күрөшүн, Өзбекстан палоону даярдоо жана жасоо маданиятын, Тажикстан өзүнө таандык палав тамагын ЮНЕСКОнун тизмегине киргизүү үчүн аракет кылышмакчы.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG