Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

ӨКМ: тоолордо кар көчкү жүрөт


Ош-Бишкек жолу (архив).
Ош-Бишкек жолу (архив).

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эртеңден баштап өлкөнүн аймагында суук болорун эскертет. 19-20 ноябрда мезгил-мезгили менен кар жаап, кээ бир райондордо кар калын түшөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

21-23-ноябрда суук катуулайт, түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көл ойдуңунда, тоо этектеринде -10…-15°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -5…-10° суук, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо -13…-18° суук, бийик тоолуу райондордо -20…-25° чейин суук болот.

Маалыматта айтылгандай, 20-ноябрга чейинки жаан-чачындын кесепетинен Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жана Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолундагы Тамчы аймагында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн, жолдор тайгак болуп муз тоңот. ӨКМ автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбошун эскертет. (SDz)

XS
SM
MD
LG