Нарында I топтогу майып баланы сабаган адамга карата чара көрбөгөнү үчүн милициянын эки кызматкерине сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.
Милицияга жазган адамдын арызында белгисиз адам мас абалында эч себепсиз 1-топтогу майыпты токмоктоп салган. Арадан 8 ай өткөнүнө карабай, тартип сакчылар тарабынан ага каршы чаралар көрүлгөн эмес. Буга нааразы болгон жабыркаган баланын апасы акыйкатчыга арыз менен кайрылган.
Бул факт боюнча кызматтык териштирүү жүрүп, тергөө бөлүмүнүн орун басары Т. Жуманалиевге жана Нарын ИИБнын тергөөчүсү Э. Мусаевге сөгүш жарыяланды.
Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иш чаралары жанданды.