Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Стамбулдагы Йылдыз техникалык университетинин 73 окутуучусу камалды


Стамбулда жабылган университет.
Стамбулда жабылган университет.

Стамбул шаарынын полициясы Йылдыз техникалык университетинин 73 окутуучусун кармады. Прокуратура өкүлдөрү бүгүн маалымдашкандай, окуу жайдын 103 кызматкерине камоого уруксат берилген. Алар “куралдуу террордук уюмга мүчөлүк кылууга” шектелип жатат. Бийлик аларды июль айындагы төңкөрүш аракетинин артында турат делген бозгундагы динаятчы Фетхуллах Гүлен менен байланыштары үчүн айыптоодо.

АКШда жашап жүргөн Гүлен дооматтарды четке кагууда. Прокуратура университет окутуучулары ByLock деген мобилдик телефон байланышын пайдаланышканын, ал тиркемени Гүлендин жолдоочулары 2014-жылы колдоно башташканын айтууда. 17-ноябрда түрк өкмөтү “гүленжи террордук уюм” менен байланышы бар деген шек менен 203 судьяны иштен алган.

16-июлдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин Түркияда 110 миңден көп киши кызматтарынан алынып же убактылуу четтетилген. 36 миңден ашууну абакка камалып, сот процессин күтүшүүдө.

XS
SM
MD
LG