Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Орусиянын Обнинск шаарында Трампты колдоо акциясы өтөт


Дональд Трамп, Владимир Путин, Хиллари Клинтон.
Дональд Трамп, Владимир Путин, Хиллари Клинтон.

Орусиянын Обнинск шаарынын бийликтери АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трампты колдогон алгачкы демонстрацияга уруксат берди. Шаар администрациясындагы атын атабаган булактын айтуусунда, акция 19-ноябрда калаа борборунда өтүп, ага 40тай киши катышары болжолдонууда. Уюштуруучулар айткандай, акция катышуучулары АКШ-Орусия алакаларын жакшыртуу үмүтүн билдиришмекчи.

8-ноябрда шайланган Трамп Орусия президенти Владимир Путинди урматтай турганын билдирип, террорчулукка каршы күрөштө Орусия менен кызматташууга АКШны чакырып келген. АКШнын чалгындоо кызматтары орусиялык хакерлер демократиялык партиянын серверлерин бузуп, электрондук кат алмашууларын Викиликс сайтына өткөрүп берген деп айыптап, мунун артында шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүгө аракеттенген Трампка жан тарткан Москвадагы расмий адамдар турганын билдиришкен. Орусиянын маалымат каражаттары Трампты жактаган, ал эми анын атаандашы Хиллари Клинтонду сындаган маалыматтарды көп чыгарышкан.

XS
SM
MD
LG