Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Тажикстандык адвокат Ёровго каршы дагы бир иш козголду


Душанбе шаарынын Ички иштер башкармалыгы адвокат Бузургмехр Ёровго каршы дагы бир кылмыш иш козгоду. Адвокат өткөн айда Кылмыш кодексинини бир нече беренеси боюнча соттолуп, 23 жылга абакка кесилген.

Ёров буга чейин Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын активисттеринин кызыкчылыктарын сотто коргоп келген. "Азаттыктын" тажик кызматы маалымдагандай, жаңы иш бир нече кишинин Ёровго каршы арызынын негизинде козголгон. Арыз ээлери алардан Ёров акча алып, убадасын аткарбай койгонун билдиришкен. Бирок иштин чоо-жайы азырынча белгисиз.

2015-жылы камакка алынган адвокат адегенде көз боёмочулук, жалган документтерди жасоо үчүн айыпталып, кийин экстремисттик иш-аракеттерге чакыруу өңдүү Кылмыш кодекси боюнча бир нече күнөө тагылган. Ёров жана тарапкерлери иштин артында саясат турат деп санашат.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму тажик бийлигин Ёровду дароо жана шартсыз бошотууга үндөгөн.

XS
SM
MD
LG