Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:27

Орусияга каршы санкциялар кала берет


АКШ президенти Барак Обама жана Европа лидерлери Орусия Украина боюнча Минск келишимдерин аткарууга тийиш, ага чейин санкциялар кала бериши керек деп чечишти.

Бул тууралуу Берлинде АКШ президенти менен Германия, Франция, Италия, Испания жана Британия лидерлери менен жолугушуусунда айтылды. Бул – Обаманын президент катары Европага акыркы расмий сапары.

Биргелешкен билдирүүдө “Сирия жана Украинанын чыгышындагы жаңжалдар дипломатиялык жол менен чечилүүгө тийиш” деп айтылат. Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, Донбасста Киевдин өкмөттүк күчтөрү менен орусиячыл жикчилдер ортосунда 2014-жылдын апрелинен бери жүрүп жаткан урушта 10 миңге жакын киши мерт болду, 22 миңден ашууну жараланды.

АКШ президенттигине шайланган Дональд Трамп Орусияга каршы санкцияларды алууну, Крымдын Москва тарабынан аннексияланышын таанууну караштырарын айтып, европалык жетекчилердин камтамасын жараткан.

XS
SM
MD
LG