Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Столтенберг: АКШ НАТОдогу лидерлигин сактай берет


АКШ президенттикке Дональд Трамп шайлангандан кийин да НАТОдогу лидерлик багытынан тайбайт. Мындай оюн альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг ортого салды. Анын айтымында, күчтүү НАТО Европа жана АКШдагы стабилдүүлүктү билдирет.

Баш катчы эл аралык терроризм, Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштагы туруксуздук, мигранттар кризиси жана Орусиянын агрессиясы шартында уюмдун мааниси артканын белгиледи. Муну менен катар Столтенберг европалык мүчө-мамлекеттер өз салымын көбөйтүүгө тийиш экенин айтты.

Июлда шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Трамп өнөктөштөргө берилчү аскердик жардамдын көлөмүн кыскартуу ниетин билдирип, президенттикке шайланса, ички маселелерге көбүрөөк көңүл бурарын айтып келген.

XS
SM
MD
LG