Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Жыргалаңда кышкы туризм фестивалы башталды


Kyrgyzstan_jyrgalan
Kyrgyzstan_jyrgalan

Ысык-Көлдөгү Жыргалаң айылында кышкы туризм фестивалы өтүүдө. Жергиликтүү туроператорлор жана чет элдик туристтердин катышуусунда аталган айылда кышкы оюндар уюштурулду.

Адистер айыл жергесинде туризмди өнүктүрүү боюнча пикир алмашып жатышат. Андан тышкары, чет элдиктердин кышында Кыргызстандын тоолоруна келип эс алуусуна шарт түзүү маселеси да талкууланмакчы. Фестивалда жеке компаниялар кызматтарын сунуштап, элге өздөрү тууралуу маалымат беришет.

"Жыргалаң өрөөнү дестинациясы" коомдук бирикмеси өткөрүп жаткан иш-чараны USAID эл аралык уюмунун Ишкерликти колдоо программасы колдоого алган. Бийик тоо боорунда жайгашкан Жыргалаң айылы Советтер союзу урагандан соң кароосуз калып, эл 20 жылдай өтө татаал шартта жашаган.

Соңку эки жылдан бери жергиликтүүлөр туризм менен алектене баштаган. Жашоочулардын маалымдоосунда, 200дөй түтүн жашаган бул кыштакта азыр беш конок үйү заманбап шартта туристтерге кызмат кылат. Алдыдагы жылдары бул жерди туризм өрөөнүнө айлантуу боюнча долбоорлорду ишке киргизүү ниети бар. Айылдыктар уюлдук операторлор менен сүйлөшүп, кыштакты ылдам интернет менен камсыздап алышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG