Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Акыйкатчы өкүлү Жалал-Абад мэриясына чара көрүүнү талап кылууда


Жалал-Абад
Жалал-Абад

Акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова Жалал-Абад шаардык мэриясынын үстүнөн прокуратурага кайрыла турганын "Азаттык" радиосуна билдирди.

Ал шаар бийлигин майыптардын укуктарын бузуп жатат деп айыптоодо. Аманованын айтымында, мэрия кыргыз өкмөтүнүн мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандус куруу токтомун жакшы аткарган жок. Жаңы курулуп жаткан объектилерде пандустар талапка жооп бербегендиктен, колдонулбай турат.

- Атүгүл облустук бийликтин имаратында, аптекалардын жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун алдында бир да пандус жок. Ошол себептүү буларга көңүл буруу максатында өкмөттүн облустагы өкүлүнө жана прокуратурага арыз жолдойм, – деди Аманова.

Акыйкатчы институту 17-ноябрда майыптар менен бирге көчөлөрдү кыдырып, андагы пандустардын жайгашуусун текшерип чыгышты. Мэриянын маалыматы боюнча, шаардагы мекеме-ишканалардын 80 пайызына пандустар орнотулган. (RsK)

XS
SM
MD
LG