Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

АКШ-ЕБ: Орусияга каршы санкциялар алынбайт


АКШнын мөөнөтү аяктап жаткан президенти Барак Обама жана немис канцлери Ангела Меркел
АКШнын мөөнөтү аяктап жаткан президенти Барак Обама жана немис канцлери Ангела Меркел

Мындай чечимди АКШ президенти жана Европадагы алдыңкы мамлекеттердин лидерлери 18-ноябрда Берлиндеги жолугушууда кабыл алышты. Ага ылайык, Орусия Украина чыгышындагы кырдаалды тынч жол менен жөнгө салуу боюнча бардык милдеттерин аткармайынча санкциялар алынбайт.

Жолугушууга АКШ, Германия, Британия, Франция, Италия жана Испаниянын лидерлери катышып, НАТОдогу биримдикти бекемдөө, Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы кырдаалды, Сирия жана Украина чыгышындагы куралдуу чыр-чатактарды саясий жол менен турукташтыруу үчүн трансатлантикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу АКШ мамлекеттик департаменти кабарлады.

Маалыматка караганда, АКШ лидери Барак Обаманын Европадагы президенттик акыркы сапары аяктоодо. Кийинки президент болуп шайланган Дональд Трамп АКШ бардык өнөктөштүк милдеттерин сактайт деп батыш мамлекеттерин ишендирүүгө умтулууда.

XS
SM
MD
LG