Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Обама: Сноуден сотко келсе гана мунаса берилиши мүмкүн


Эдвард Сноуден
Эдвард Сноуден

АКШ президенти Барак Обама Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден америкалык соттун алдында жооп берүүнү чечсе гана мунаса берилиши ыктымалдыгын билдирди.

Бул тууралуу германиялык Spiegel журналы менен ARD телеканалына курган маегинде айтты. Анын пикиринде, жашыруун аңдуу кээде америкалыктардын коопсуздугун камсыздоодо зарыл, ошол эле маалда ал чектен чыкпоосу керек.

Америкалык атайын кызматтын келишим боюнча иштеген мурдагы кызматкери Сноуден 2013-жылдын жайында АКШ жана Британиянын тыңчыларынын программалары тууралуу маалыматтарды интернетте жарыялап жибергенден кийин мекенинен качып кетип, Орусия ага убактылуу баш паанек берген.

АКШ бийлиги аны мамлекеттик жашыруун маалыматтарды жарыялаган деп айыптоодо.

XS
SM
MD
LG