Чүй облусунун Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Алексей Тецкийди автоунаа сүзүп кетти.
Облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей,18-ноябрда 24 жаштагы милиция кызматкери Кайыңды шаарында, Бишкек-Чалдовар каттамынын 77-чакырымында үйүнө баратып, жол жээгинде жаткан адамга жардам берип жатканда кырсыкка учураган.
Аны сүзүп кеткен адам коюу тумандан эч нерсе көрбөй калганын айткан. Азыр милиция кызматкери Панфилов райондук ооруканасында дарыланууда. (NT)