Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:58

Египетте Журналисттер бирлигинин жетекчилери кесилди


Египет соту Журналисттер бирлигинин жетекчиси Яхья Куалаш жана анын орун басарлары Халед аль-Бальши менен Гамаль Абдель Рахимдин ар бирин эки жылга эркинен ажыратты. Алар такталбаган маалыматты тараткан деген айып менен издөөгө алынган журналисттерди жаап-жашырган деп күнөөлөндү. Айыпталуучулар өкүмдүн үстүнөн арыз жазышса болот.

Өлкөдө Журналисттер бирлиги түзүлгөн 75 жылдан бери биринчи жолу анын жетекчиси түрмөгө түштү. Адвокаттар коомчулугу жана укук коргоочулар сот өкүмүн айыпташууда.

2013-жылы мурдагы президент Мухаммед Мурси аскердик төнкөрүштөн натыйжасында бийликтен кол жууган соң Египетте анын тарапкерлерине каршы куугунтук уланып келет.

XS
SM
MD
LG